Куланак ГЭСи 2027-жылы пайдаланууга берилет
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Нарын облусунда Куланак ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Куланак ГЭСи Нарын районунда “Нарын” өндүрүштүк ишканасы тарабынан ишке ашырылып жаткан ири энергетикалык долбоор болуп саналат. Долбоордун кубаттуулугу 100 МВтты түзүп, жылына 435,2 млн кВт саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. ГЭСтин курулушу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана аймактын ирригациялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
Учурда объектте дамбанын, ГЭС имаратынын жана узундугу 6,5 чакырымды түзгөн суу жеткирүүчү каналдын курулушу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Курулуш аянтында 600гө жакын адам эмгектенүүдө, жай мезгилинде алардын саны 1200гө чейин жетет.
МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жооптуу тараптарга курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүүнү камсыздоону тапшырды.
Белгиленгендей, объект 2027-жылы пайдаланууга берилет. Долбоор толук ишке киргенден кийин өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын кыскартууга олуттуу салым кошуп, жылына 435,2 млн кВт саат электр энергиясын өндүрөт.