Албаниянын президенти Байрам Бегай Кыргызстанга расмий сапары менен келди
Албаниянын президенти Байрам Бегай бүгүн, 17-июнда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.
Жогорку даражалуу меймандын учагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна конду.
Флагштоктордо эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген.
Сапардын алкагында эки лидер Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын сүйлөшүүлөрү, ошондой эле маданий иш-чараларга катышуусу мерчемделген.