Бакыт Төрөбаев Шаньдун провинциясынын алдынкы өнөр жай жана технологиялык компанияларына барды

Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясына болгон иш сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрүп, провинциядагы өнөр жай объектилерин кыдырды.

Сапардын программасынын алкагында Shandong Heavy Industry Group Co., Ltd., Sinotruk, Zhongtong, Shantui, Lovol Heavy Industry, Lovol Smart Agriculture, KENGIC Intelligent Technology Co., Ltd. жана Haier Biomedical компанияларында жолугушуулар жана алардын объекттерин кыдыруулар өткөрүлдү.

Иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана өнөр жай, айыл чарба, билим берүү жана медицина тармактарында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө болгон эки жактуу кызыкдарлык ырасталды.

Связанный пост