5 айдын жыйынтыгы: ИДП 781 млрд сомго жетип, курулуш тармагы рекорддук өсүш көрсөттү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык жыйында үстүбүздөгү жылдын беш айындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарды, ошондой эле чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу боюнча такталган көрсөткүчтөрдү жарыялады.
Минкаб төрагасы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын беш айында Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) алдын ала эсептөөлөр боюнча 781 млрд сомду түзүп, 12,2% реалдуу өсүш темпин көрсөткөн.
Экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычтары болуп рекорддук 64,6% өсүш катталган курулуш тармагы, 14,4%га өскөн өнөр жай, 7,0%га өскөн тейлөө тармагы жана 3,7%га өскөн айыл чарбасы саналган.
Өнөр жай секторунда химиялык продуктыларды өндүрүү эң жогорку өсүш темптерин көрсөттү (үч эсеге өсүү), андан кийин фармацевтика (1,8 эсеге өсүү), транспорт каражаттары (1,6 эсеге өсүү) жана тазартылган мунай продуктулары (+43,7%). Ошондой эле олуттуу өсүш курулуш материалдарын өндүрүүдө (+36,1%), тоо кендерин казып алууда (+19,7%), тамак-аш азыктарын өндүрүүдө (+15,7%) жана негизги металлдарда (+12,4%) байкалган.
Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү мезгил ичинде 157,0 млрд. сомго жетти (63,5% өсүү). Мындай оң тенденция ички каржылоо булактарынын 1,6 эсеге жана тышкы ресурстардын 2,3 эсеге көбөйүшү менен шартталган.
Күн тартибиндеги экинчи маселеге өтүп, Адылбек Касымалиев тике чет элдик инвестициялардын агымы боюнча такталган маалыматтар менен тааныштырды.
Кыргызстандын экономикасы чет элдик бизнес үчүн жогорку жагымдуулугун көрсөтүүнү улантууда. 2024-жылы тике чет элдик инвестициялардын агымы 1 миллиард доллардан ашса, 2025-жылдын акырына карата 1,31 миллиард долларга жетиши күтүлүүдө, бул 2024-жылга салыштырмалуу 27,3%га өсөт.
Инвесторлор үчүн эң жагымдуу секторлор болуп маалымат жана байланыш (агымдын өсүшү 9,7 эсе), саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө (3,3 эсе), транспорт жана жүктөрдү сактоо (3,1 эсе), тоо-кен казып алуу (2,2 эсе) жана кайра иштетүү өнөр жайы (1,8 эсе) болгон.
Региондук жактан алганда Жалал-Абад облусу 2025-жылы тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча лидер болуп, дээрлик 420 млн АКШ долларын алып, республикага тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы агымынын 32,0%ын түздү, ал эми облустун өзүнө инвестициянын агылып келүүсү 3,8 эсеге өстү.
Тартылган каражаттардын көлөмү боюнча Бишкек шаары 401,3 млн доллар (30,6%) жана 228,4 млн доллар (17,4%) менен Чүй облусу экинчи жана үчүнчү орундарды ээледи. Инвестициялык жигердүүлүктүн жогорку өсүш темпи Нарын облусунда да байкалып, көрсөткүчтөр 9,6 эсеге, Ысык-Көл облусунда 4,2 эсеге өскөн.
Ошол эле учурда бир катар аймактарда тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү төмөндөгөн: Талас облусунда – 38,2%, Ош шаарында – 31,3%, Бишкек шаарында – 23,6%, Баткен облусунда – 4,2%га кыскарган.
Алгылыктуу импульсту бекемдөө үчүн минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук инвестиция агенттигине, тиешелүү министрликтерге жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.
“Биз иштеп жаткан жана потенциалдуу инвесторлор менен ишибизди түп тамырынан бери активдештирүүгө тийишпиз. Инвестициялык долбоорлор жогорку сапатта колдоого алынышын, ар кандай административдик тоскоолдуктарды тез арада алып салууну жана Кыргызстандын инвестициялык климатына ишенимди жогорулатуу боюнча ырааттуу аракеттерди улантууну талап кылам. Өзгөчө басымды кайра иштетүү өнөр жайына, инфраструктурага, энергетикага, логистикалык хабдарга узак мөөнөттүү капиталдык салымдарды тартууга буруу керек”, – деп жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.