Ысык-Көлдө ири күн электр станциясы ишке кирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Өрүк айылында кубаттуулугу 175 мегаватт-пик (МВтп) болгон “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясынын биринчи фазасын ишке киргизүү аземине катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы бул долбоорду Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы достук мамиленин, өз ара ишенимдин жана ийгиликтүү инвестициялык кызматташтыктын айкын мисалы деп атады.

Ал “ROX Group” компаниясынын кайра жаралуучу энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруудагы олуттуу эл аралык тажрыйбасын белгилеп, компаниянын ата мекендик адистердин квалификациясын жогорулатууга жана өлкөнүн кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымын баалады.

Президент акыркы жылдары Кыргызстан жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын кеңири пайдаланууга өзгөчө маани берип келерин айтты.

“Өлкөбүз күн, суу жана шамал энергетикасы боюнча зор потенциалга ээ. Бүгүнкү долбоор – ошол мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууга багытталган ири жана стратегиялык маанидеги демилгелердин бири”, – деп белгиледи Садыр Жапаров жана жалпы кубаттуулугу 1900 МВт болгон бул күн электр станциясын куруунун бардык этаптарын ишке ашырууга болжол менен 1,5 млрд АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу каралгандыгын кошумчалады.

“Бүгүн биринчи этабы ишке киргизилип жаткан, максималдуу кубаттуулугу 175 МВт күн электр станциясынын инвестициялык көлөмү 131 млн АКШ долларын түзөт. Бүгүнкү күнгө карата анын 80 млн доллардан ашуун каражаты өздөштүрүлгөн.

Биринчи этаптагы долбоордун курулушуна 250дөн ашуун кыргыз жарандары тартылды. Станция пайдаланууга толук берилгенден кийин болжол менен 150 туруктуу жумуш орду түзүлүп, алардын негизги бөлүгүн жергиликтүү адистер түзөт”, – деди Президент.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ошондой эле компаниянын аймактын өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи. “ROX Group” компаниясы жерди пайдалануу үчүн төлөгөн салыктан тышкары өндүрүлгөн электр энергиясын сатуудан түшкөн каражаттын 1 пайызын Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр – Тамчы айыл өкмөтүнүн бюджетине которот.

“Бүгүнкү күндө станция өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык тутумуна ийгиликтүү кошулуп, Кыргыз Республикасынын электр тармагына 28,7 миллион кВт саат электр энергиясын берди. Ал эми биринчи этап толук кубаттуулукта иштеген шартта жыл сайын болжол менен 295 миллион кВт саат электр кубатын өндүрөрү күтүлүүдө”, – деп баса белгиледи Президент жана бул долбоордун эң чоң өзгөчөлүгү – өндүрүлгөн электр энергияны белгиленген кубаттуулукта сактоо менен аны ар кандай учурларда өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык тутумуна бере алгандыгында деп билдирди.

“Демек, Кыргызстан үчүн бул күн электр станциясы өзгөчө мааниге ээ. Ал биздин энергетика тармагын модернизациялоого, энергия булактарын диверсификациялоого жана гидроэнергетикага болгон көз карандылыкты азайтууга көмөк көрсөтөт. Айрыкча суу азайып бараткан маалда күн энергетикасынын өнүгүшү энергетикалык туруктуулукту камсыздоонун маанилүү фактору болуп калары турган иш”, – деди Мамлекет башчысы.

Ал бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында жылына 362 миллион кубометр сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берүүчү станцияны ишке киргизилип жатканын өзгөчө белгиледи. Ал эми күн электр станциясы толугу менен 1900 МВт (айына 273 миллион кВт/саат) кубаттуулукта иштегенде жылына 3,9 миллиард куб метрге чейин суу үнөмдөлөт.

Соңунда Президент долбоор өлкөбүздүн инвестициялык жагымдуулугунун жана эл аралык өнөктөштөрдүн Кыргызстанга болгон ишениминин айкын далили экенин белгиледи. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды мындан ары да түзүүгө жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн кызыкчылыгында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Связанный пост