Президент “КР студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду

 Президент “КР студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Документ жарандардын социалдык жана экономикалык абалына карабастан жеткиликтүү жана сапаттуу билим алууга болгон укугун камсыз кылуу, кадрдык потенциалды чыңдоо жана өлкөнүн бардык аймактарында билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн тең салмактуу өнүктүрүү максатында кабыл алынды.

Жарлыкка ылайык, төмөнкүдөй токтом кылынат:

  • Студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгиленсин;
  • Министрлер кабинетине региондук мобилдүүлүк программасын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылсын. Программада мамлекеттик гранттардын квоталарын тең салмактуу бөлүштүрүү, катышуучуларга стипендия берүү жана аларды ички авиакаттамдар менен камсыз кылуу каралууга тийиш;
  • Өлкөдө программанын шарттарына ылайык кеминде 9000 студентти жайгаштырууга эсептелген, зарыл инфраструктурасы (спорт аянтчалары, ашканалар, окуу борборлору) бар жатаканаларды этабы менен куруу милдеттендирилсин;
  • Министрлер кабинети “Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууда студенттердин стипендияларын жана транспорттук чыгымдарын каржылоону белгиленген тартипте карасын. Студенттик жатаканаларды куруу мыйзам тарабынан тыюу салынбаган каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылсын.

Связанный пост