Маматалиев: Кыргызстан Европа кеңеши менен кызматташууга өзгөчө кызыкдар
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) Кыргызстандагы баяндамачысы Мариетта Караманлини кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн алакаларын чыңдоо жана Жогорку Кеңештин ЕКПА менен кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды.
Маматалиев Кыргызстан Европа кеңеши менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө кызыкдар экендигин белгиледи.
Муну менен катар, Жогорку Кеңеш 2014-жылдан бери ЕКПАда “Демократия үчүн өнөктөш” макамына ээ экенин белгилеген төрага кыргыз парламентиндеги соңку жаңыланууларга токтолду.
“Учурда депутаттарыбыздын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүн айым эл өкүлдөрү түзүп, бул дүйнөлүк коомчулук тарабынан да жогору бааланууда. Ошондой эле парламентти санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, мыйзам чыгаруу жана документ жүгүртүү иши толугу менен электрондук форматка өттү. Андан сырткары, шайлоочулар менен байланыш жакшырып, санариптештирилген заманбап коомдук кабылдама ишке берилди”, – деди төрага.
Өз кезегинде Мариетта Караманли Европа кеңеши да кыргыз парламенти менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, эки тараптуу алакаларды арттырууга багытталган иш-чаралар жана жолугушуулар активдүү уюштурулуп жатканына токтолду.
Тагыраагы тараптар шайлоо жараяндарын жакшыртуу, сот тутумун реформалоо, парламенттин ачык-айкындуулугун өнүктүрүү өңдүү айрым маселелер боюнча пикир алмашып, маданий-гуманитардык алакалар тууралуу да сөз кылышты.