Бир ирет жол кире төлөп, саат бою акысыз жүрсө болот
Бишкекте жүргүнчүлөр жол кирени бир жолу төлөп, бир саат бою автобустарда акысыз жүрө алат. Мындай механизмди караган Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуунун тарифтери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документте белгиленгендей, учурда Бишкек шаарынын коомдук муниципалдык транспортунда накталай каражаттар менен төлөөдөгү жол киренин наркы 20 сомду, ал эми накталай эмес төлөмдө 17 сомду түзөт.
“Жол киреге төлөмдүн накталай түрүн колдонуу практикасы бир катар системалык кемчиликтердин болушун көрсөтүүдө. Тактап айтканда, накталай акча каражаттарын кабыл алуу айдоочунун көңүлүн транспорттук каражатты башкаруудан төлөмдү текшерүүгө жана жүргүнчүлөргө калдык акчаны кайтарып берүүгө буруп, бул айрым учурларда жол-транспорттук кырсыктардын келип чыгышына алып келүүдө. Мындан тышкары, накталай каражаттар менен төлөө процесси транспорт каражаттарынын аялдамада туруу убактысын көбөйтүп, каттам боюнча бара жаткан коомдук транспорттун тыгынына жана топтолушуна алып келет”, – деп айтылат токтом долбоорунда.
Ушуга байланыштуу менчигинин түрүнө карабай, автобустарда жана электробустарда жол кирени накталай эмес төлөм түрүнө өткөрүү сунушталууда.
Буга кошумча токтом долбоорунда жарандардын накталай эмес төлөмгө өтүүсүнө дем берүү максатында, транспорттук картаны (электрондук жол жүрүү билети) пайдалануу менен биринчи жол кирени төлөгөн учурдан тартып 60 мүнөттүн ичинде акысыз которуп отуруу механизмин киргизүү каралууда.
Бул токтом долбоору кабыл алынса, 1-июлдан тартып күчүнө кирет.