Китептер мектепте сакталып, үйдө электрондук вариант колдонулат

 Китептер мектепте сакталып, үйдө электрондук вариант колдонулат

“Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында Агартуу министрлигинде мектептерди жаңы окуу китептери жана усулдук куралдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Анда белгиленгендей, ата-энелердин суранычы менен жаңы окуу китептери эки бөлүккө бөлүнүп басылган. Мындай чара мектеп окуучуларынын портфелинин салмагын жеңилдетүүгө жана балдарга келген жүктөмдү азайтууга мүмкүндүк берет.

Министр Догдуркүл Кендирбаева педагогдор жана ата-энелер арасында окуу материалдарын колдонуу тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Сунушталып жаткан ыкмага ылайык, негизги окуу китептери сабак учурунда колдонулуп, мектепте сакталат, ал эми үй тапшырмаларын аткаруу үчүн окуучулар китептердин электрондук варианттарын колдоно алышат.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучуларына буга чейин жарык көргөн жана учурда басылып жаткан жаңы окуу китептери, ошондой эле онлайн форматта жеткиликтүү болгон электрондук окуу материалдары тааныштырылды.

Эске салсак, бүгүн агартуу министри “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында бир күнүн ЖМК өкүлдөрү менен бирге өткөрүп, ведомство башчысынын жумуш күнү кандай өтөрүн көрсөтүүдө.

Связанный пост