Баткенде үч эм төрөлдү
Баткен облусунда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Лейлек районунун Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Алымкул Абдиев кабарлады.
Анын айтымында, ымыркайлардын энеси 32 жаштагы Назира Кенжебаева. Ал 26-майда көз жарган. Учурда эне менен үч эмдин абалы жакшы.
“Бул эненин экинчи төрөтү болуп саналат. Үч эм тең эркек балдар. Азыр алардын абалы канааттандырарлык. Эне жана балдар дарыгерлердин көзөмөлүндө”, – деди дарыгер.