Таласта катуу шамал бир катар үйлөрдү зыянга учуратты

 Таласта катуу шамал бир катар үйлөрдү зыянга учуратты

1-июнда Талас облусунда катталган катуу шамал бир катар турак үйлөрдүн жана имараттардын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришти.

Табигый кырсыктын кесепеттери төмөнкүдөй катталды:

Талас шаарында:

  • Көп кабаттуу үйлөрдүн, “Аква” лабораториясынын жана “Эконом” дүкөнүнүн чатырлары учкан;
  • Манас көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн чатыры кулап, жол жээгинде токтоп турган эки унааны басып калган.

Талас районунда:

  • Көк-Токой айылында эки турак үйдүн чатыры, дарбазасы жана эшиктери сынып, жараксыз абалга келген.

Бакай-Ата районунда:

  • Боо-Терек айылындагы маданият үйүнүн 18 чарчы метр чатыры жабыркаган.

“Учурда кырсык болгон жерлерде тиешелүү кызматтар тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин кызуу жүргүзүп жатышат. Жергиликтүү бийлик тарабынан келтирилген чыгымдардын көлөмү такталууда”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост