Россияда 18 кыргызстандыктын 1,6 млн рубль эмгек акысы өндүрүп берилди

 Россияда 18 кыргызстандыктын 1,6 млн рубль эмгек акысы өндүрүп берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштерди улантууда.

Ведомстводон билдиришкендей, анын алкагында өкүлчүлүктүн кийлигишүүсү менен Кыргызстандын 18 жаранына Россиядагы “Приоритет” ЖЧКсынан эмгек акы боюнча топтолгон карыздарын өндүрүп алууга көмөк көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында жумушчуларга төлөнүп берилген каражаттардын жалпы суммасы 1 млн 648 миң 300 рублди түздү.

Связанный пост