Бишкекте мыйзамсыз орнотулган балкондор алынат
Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз курулган жана кеңейтилген балкондорду демонтаждоо иштери уланууда.
Мэриядан билдиришкендей, объекттерди бузуу иштери тандалма негизде эмес, мыйзам чегинде гана жүрүп жатат.
“Ээлери үйдө жок болгондуктан айрым балкондорду алуу убактылуу жылдырылганы менен, мурда эскертүү берилген бардык мыйзамсыз курулмалар милдеттүү түрдө демонтаждалат”, – деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, имараттардын фасаддарынын архитектуралык композициясын бузган төмөнкү аракеттерге катуу тыюу салынат:
- балкондорду жана лоджияларды өз алдынча айнектөө, алардын көлөмүн, түсүн жана тосмолорун өзгөртүү;
- жаңы балкондорду куруу же барларын жоюу;
- эшик-терезе көзөнөктөрүнүн формасын өз алдынча өзгөртүү;
- балкондун чегинде фасаддын айрым бөлүгүн өз алдынча сырдоо же каптоо.
Шаар бийлиги тургундарды берилген эскертмелердин талаптарын аткарууга жана борбор калаанын архитектуралык көрүнүшүн сактоого чакырат.