Салык кызматы алдамчылык фактыларынын көбөйүп жаткандыгын эскертти
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө алдамчылык фактыларынын көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертет.
Ведомстводон белгилешкендей, акыркы убакта шылуундар ар кандай амалдарды жана алдамчылык схемаларын колдонуп, анын ичинде телефон чалып, мессенжерлер жана социалдык тармактар аркылуу билдирүүлөрдү таратып, өздөрүн Салык кызматынын кызматкерлери катары тааныштырышууда.
Ошондой эле жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен өздөрүн Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги катары көрсөтүп, ар кандай шектүү жана мыйзамсыз аракеттерди жасоону талап кылышууда.
Мындан тышкары, салык милдеттенмелерин төлөө боюнча жасалма билдирүүлөрдү таратып, аларды Мамлекеттик салык кызматынын атынан жөнөтүлгөн расмий билдирүү катары көрсөтүшүүдө.
Салык төлөөчүлөр төмөнкүлөрдү эстен чыгарбашы керек:
— расмий билдирүүлөр почта же “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети” аркылуу гана жөнөтүлөт;
— Мамлекеттик салык кызматы WhatsApp, Telegram жана башка ушул сыяктуу мессенжерлер аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтпөйт;
— салык органдарынын кызматкерлери жеке эсептерге же белгисиз реквизиттер боюнча акча каражаттарын которууну талап кылышпайт.
Эгерде сиз шектүү билдирүү же маалымдоо алган болсоңуз:
— шектүү шилтемелерди ачпаңыз;
— жеке маалыматтарыңызды, сырсөздөрдү, SMS-коддорду жана банктык карталардын реквизиттерин бербеңиз;
— белгисиз же тастыкталбаган реквизиттер боюнча төлөм жүргүзбөңүз;
— маалыматты катталган жериңиз боюнча аймактык салык органына кайрылып тактаңыз;
— түшүндүрмө алуу үчүн 116 кыска номерине чалыңыз.
“Салыктык карызды текшерүү жана төлөм жүргүзүү “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети”, ошондой эле банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу мүмкүн экендигин эсиңизден чыгарбаңыз. Шектүү кайрылуулар келип түшкөн учурда алар тууралуу дароо укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырабыз”,-деп айтылат маалыматта.