Зергерчилик тармагындагы ишкерлерди мамлекеттик колдоо боюнча чаралар кабыл алынды
Зергерчилик тармагындагы ишкерлерди мамлекеттик колдоо боюнча чаралар кабыл алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу максатында, министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 2026-жылдын 25-майында кабыл алынган.
Аталган токтомго ылайык, зергерчилик өндүрүшүнө арналган жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттоодо кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотуу каралган.
Мындан тышкары, аталган товарларды Кыргызстандын аймагына алып келүүдө бажы органдары тарабынан товарларды чыгарууга байланыштуу жүргүзүлгөн операциялар үчүн алынуучу жыйымдардан да бошотулат.
Токтом менен төмөнкүлөр бекитилди:
- зергерчилик өндүрүшүнө арналган жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттогон жана импортко КНСтен жана бажы жыйымдарынан бошотулуучу субъекттердин тизмеси;
- зергерчилик өндүрүшүнө арналган жана импорттоодо КНСтен, ошондой эле бажы операцияларын жүргүзүүгө байланыштуу жыйымдардан бошотулуучу жабдуулардын, технологиялардын, реактивдердин жана жарым фабрикаттардын тизмеси.
Аталган токтом зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө, өндүрүш процесстерин модернизациялоого, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн финансылык жүгүн азайтууга, ошондой эле ички жана тышкы рыноктордо ата мекендик зергерлердин продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.