Кыргызстанда жылда 6 миңден ашык адам тамекиден пайда болгон оорудан көз жумат
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баалоосу боюнча, Кыргызстанда тамеки колдонуудан келип чыккан оорулардын айынан жыл сайын 30 жаштан жогорку курактагы 6 миңден ашык адам каза болот. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда өткөн маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, бул өлүмдөрдүн 80 пайызы жугуштуу эмес ооруларга туура келет. Өлүмдүн түзүмүндө жүрөк-кан тамыр оорулары учурлардын жарымынан көбүн түзөт.
«1987-жылдан бери жыл сайын 31-майда Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күнү белгиленип келет. Бул эл аралык демилгенин башкы максаты — коомчулуктун көңүлүн тамеки жана никотин камтыган өнүмдөрдү колдонуунун кесепеттерине буруу, ошондой эле калктын ден соолугун тамекиге болгон көз карандылыктан коргоо боюнча мамлекеттик саясатты күчөтүү зарылчылыгы болуп саналат», — деди Гүлбара Ишенапысова.
Ал кошумчалагандай, республикада жарандардын ден соолугун тамеки, никотин колдонуунун кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнү менен аэрозолдордун таасиринен коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар кабыл алынып, жаңыланган.
Саламаттыкты сактоо министрлиги мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп турат жана улуттук деңгээлде тамеки колдонууну азайтуу боюнча алдын алуу программаларын координациялайт.
«Бирок, алдын алуу иштери үчүн ресурстардын чектелүүлүгүнө, ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнө байланыштуу мыйзамдык чектөөлөргө тиешелүү кыйынчылыктар бар. Тамеки өнүмдөрүн колдонууну көзөмөлдөө боюнча көптөгөн чаралар Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүнүн алкагынан тышкары чыгат. Мисалы: салыктар, балдарга билим берүү, жарнаманы көзөмөлдөө, тамеки өнүмдөрүнүн мыйзамсыз соодасы жана башкалар. Мунун баары тармактар аралык иштерди күчөтүүнү жана саламаттыкты сактоо тутумунун экономикалык, укук коргоо жана билим берүү түзүмдөрү менен тыгыз өз ара аракеттенүүсүн талап кылат», — деп баса белгиледи министрдин орун басары.