Акыркы коңгуроодо мектептен тышкаркы кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат
29-майда өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо иш-чарасы өтөт. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги жана Агартуу министрлиги бүтүрүүчүлөрдү коопсуздук эрежелерин кылдат сактоого чакырат.
ИИМден белгилешкендей, бүтүрүү иш-чараларына байланыштуу төмөнкү аракеттерге жол берилбейт:
- Мектептен тышкары кошумча кечелерди уюштурууга;
- Фейерверктерди жана башка кооптуу пиротехникалык каражаттарды колдонууга;
- Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн автоунаа башкаруусуна.
“Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул күндөрү өзгөчө төмөнкү аймактар көзөмөлгө алынат:
- Коомдук эс алуу жайлары жана парктар;
- Кафе-ресторандар жана оюн-зоок борборлору;
- Суу сактагычтар жана көл жээктери;
- Эл аралык жана ички унаа жолдору.
Мектеп жетекчилерин, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү мыйзам талаптарын сактоого, ошондой эле балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.