“Бала ырысы” жөлөк пулу 2023-жылдын 1-августунан кийин төрөлгөн балдарга берилет

 “Бала ырысы” жөлөк пулу 2023-жылдын 1-августунан кийин төрөлгөн балдарга берилет

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзага кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 29-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзам президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы № 104 “Үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөкпулду киргизүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Мыйзам менен “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесине мамлекеттик жөлөкпулдардын жаңы түрүн – балдарга төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү ар айлык жөлөкпулду (мындан ары – “Бала ырысы” ар айлык жөлөк пулу) караган өзгөртүүлөр киргизилген. “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулунун өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби министрлер кабинети тарабынан бекитилет.

Аталган мыйзам “Бала ырысы” ар айлык жөлөк пулун дайындоонун тартибин караган 104-берене менен толукталган. Бул беренеге ылайык “Бала ырысы” ар айлык жөлөк пулу бала төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин “Бала ырысы” ар айлык жөлөк пулун дайындоо үчүн кайрылган жана бала (балдар) жөлөк пул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат. Бир эле учурда эки жана андан көп бала төрөлгөндө “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулу ар бир балага дайындалат.

Жарандар (үй-бүлөлөр) “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөк пулун кошпогондо, мамлекеттик жөлөк пулдардын башка түрлөрүн алгандыгына карабастан “Бала ырысы” ар айлык жөлөк пулун алууга укуктуу.

“Бала ырысы” ар айлык жөлөк пулун дайындоо үчүн кайрылуу мөөнөтү бала төрөлгөн күндөн тартып ал 3 жашка чыкканга чейин ашпоого тийиш.

Ошондой эле, мыйзам менен аталган мыйзамдын 11-беренесине өзгөртүүлөр киргизилүүдө, ага ылайык, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого арыздарды кароо мамлекеттик жөлөк пул дайындала турган арыз ээсинде жана адамдарда, ошондой эле арыз ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүндө – “Бала ырысы” ар айлык жөлөк пулун дайындоодо идентификациялык жеке номери болгондо жүзөгө ашырылат. “Бала ырысы” ар айлык жөлөк пулу бала (балдар) жөлөкпул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат.

Андан тышкары, аталган мыйзамдын 14-беренесинде мамлекеттик жөлөк пулду төлөөнү токтотуунун кошумча шарттары каралган, алар мамлекеттик жөлөк пулдардын суммасы которулган күндөн тартып жөлөкпулду (“балага сүйүнчү”, “үй-бүлөгө көмөк”, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк”, «Бала Береке”, “Бала ырысы”) 6 айдын ичинде (ар айлык социалдык жөлөкпулду – 12 айдын ичинде) талап кылбаганда, ошондой эле “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун алуучу жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) балдары үч жашка чыкканда.

Мыйзамда “Бала ырысы” ар айлык жөлөк пулу 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга дайындалат деп белгиленген.

Связанный пост