Кытайдан атчан келе жаткан кыздарды чек арачылар “Торугарт” бекетинен тосуп алышты
Бүгүн, 25-майда кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде кыргыз чек арачылары Кытайдан Кыргызстанга атчан саякатка чыккан этникалык кыргыздарды — Риза Дүйшөн кызын жана Гүлсанат Бейшен кызын салтанаттуу тосуп алышты.
Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, саякатчы кыздарды тосуп алуу аземи кыргыз элинин улуттук меймандостук салттарын сактоо менен жылуу жана достук маанайда өттү. Мекен сакчылары кыздарга гүлдестелерди тартуулап, улуттук даамдар — ысык боорсок менен сары май сунуштап, алардын бул тарыхый миссиясына терең урмат-сыйын жана колдоосун билдиришти.
Кыздардын айтымында, саякаттын максаты — 1916-жылдагы трагедиялуу Үркүн окуяларын эскерүү жана ата-бабалардын басып өткөн тарыхый жолун ат үстүндө кайрадан басып өтүү болуп саналат. Чек арачылар кыздарга ак жол каалап, тарыхты, улуттук каада-салттарды жана Ата Журт менен болгон руханий байланышты сактоонун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилешти.
Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери саякатчыларды “Торугарт-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин коштоп барышты. Ал жерден тиешелүү чек аралык жана көзөмөл процедураларынан өткөндөн кийин, кыздарды Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү чоң салтанат менен тосуп алышты.