Агартуу министрлиги: 1-класска каттоонун I этабы аяктоодо
31-майда 1-класска электрондук каттоонун биринчи этабы аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул этапта ата-энелер балдарын жашаган жери боюнча мектепке каттай алышат.
“Ал эми 1-июнда саат 10:00дөн тартып электрондук каттоонун экинчи этабы башталат. Бул этапта микроучасток боюнча катталбаган балдар бош орундар бар мектептерге кабыл алынат. Буга байланыштуу ата-энелерге арыздарды өз убагында тапшыруу сунушталат”, – деп айтылат маалыматта.
Быйыл жалпысынан 192 250 орун каралган болсо, бүгүнкү күнгө карата 71 871 бала мектепке кабыл алынды.
Белгиленгендей, кабыл алуу 1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле “Түндүк”, MegaPay жана башка банктык тиркемелер аркылуу онлайн жүргүзүлөт.