Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттер аралык алаканы чыңдайт

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев КМШ ПААнын Санкт-Петербург шаарындагы (Россия Федерациясы) иш-чараларына катышуунун алкагында Түркмөнстандын Межлисинин Төрайымы Дуньягозель Гулманова менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-түркмөн стратегиялык өнөктөштүгүнүн маселелерин талкуулап, парламенттер аралык алакаларды арттыруу, биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргыз Республикасы эки тараптуу мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүнүн маанилүү шарты катары үзгүлтүксүз саясий жана парламенттер аралык диалогго өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

«Эки өлкө башчыларынын аракеттеринин аркасында мамлекеттер ортосундагы кызматташтык ишеним жана достук маанайында өнүгүп, натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн, анын ичинде парламенттер аралык багытта жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда», – деген Төрага мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү жаатында да тажрыйба алмашуу максатында парламенттик делегациялардын жана депутаттык достук топторунун өз ара сапарларын активдештирүүнү сунуштады.

Муну менен катар Марлен Маматалиев Кыргызстан Түркмөнстанды соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү үчүн чоң потенциалы бар маанилүү өнөктөш катары карарын билдирди. Ошону менен бирге 2020-2024-жылдар аралыгында Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү 8,4 эсеге өскөнү белгиленди.

Өз кезегинде Түркмөнстандын Межлисинин Төрайымы Дуньягозель Гулманова эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин баса белгилеп, түркмөн тарап өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча мамилелерди мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

«Бүгүнкү күндө президенттерибиз жүргүзүп жаткан ырааттуу саясаттын аркасында өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты. Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосунда калыптанган достук мамилелер мындан ары да жигердүү уланып, өзгөчө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өнүгө берет деп ишенебиз», – деди Дуньягозель Гулманова.

Ошону менен бирге Түркмөнстандын Межлисинин Төрайымы парламенттер аралык алакаларды депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттердин деңгээлинде, ошондой эле парламенттер аралык уюмдардын алкагында, айым депутаттар менен жаш парламентарийлердин ортосунда активдештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Андан сырткары Түркмөнстан 2026-жылы КМШ ПААга төрагалык кылып жатканын айткан Дуньягозель Гулманова Төрага Марлен Маматалиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарын быйыл Ашхабад шаарында өтө турган Ассамблеянын кезектеги жыйынына катышууга, ошондой эле өлкөгө расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар бүгүнкү жолугушуу   Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жана парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө кошумча дем берет деген ишенимин билдиришти.

Связанный пост