Манас шаарында 5200 орундуу спорт сарайы курулууда
Манас шаарында 5200 орундуу заманбап борбордук спорт сарайы курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Башкы планга ылайык, спорт сарайынын жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. Анда төрт кабаттуу административдик имарат, бассейн, машыгуу аянтчалары, VIP коноктор үчүн атайын орундуктар, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн аянтча, медициналык пункт, тамактануучу жана унаа токтотуучу жайлар каралган.
Жаңы спорт сарайы пайдаланууга берилгенден кийин шаар тургундары үчүн ири спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.