Бишкекте “Музейдеги түн” акциясы өтөт – программасы

 Бишкекте “Музейдеги түн” акциясы өтөт – программасы

18-майда Улуттук тарых музейинде салтка айланган “Музейдеги түн” акциясы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Эл аралык музейлер күнүнө карата уюштурулуп, саат 15:00дөн 21:00гө чейин уланат. Бул жылы акция Эл аралык музейлер кеңеши тарабынан жарыяланган “Музейлер – бөлүнгөн дүйнөнү бириктирген мейкиндик” деген теманын алкагында өткөрүлөт.

Борбор Азиядагы эң ири музейлердин бири болгон Улуттук тарых музейинде бул күнү 10 миңден ашуун көрүүчү күтүлүп, бир мезгилде 80ге жакын маданий жана чыгармачылык иш-чара өткөрүлөт.

Кеңири маданий программада жаш манасчылардын өнөрү, концерттик көрсөтүүлөр, улуттук жана заманбап кийимдердин мода көргөзмөсү, цирк программасы, эбру искусствосу, улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана дүйнө элдеринин маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырган көрсөтүүлөр сунушталат.

Мындан тышкары, сүрөт, айкел, графика, кийиз, жыгач, тери, чопо жана башка чыгармачылык багыттар боюнча мастер-класстар уюштурулуп, археология жана согуш темасындагы даректүү тасмалар көрсөтүлөт.

Связанный пост