Жумаев: Таласта 1000 батир курулууда, жер тилкеси берилбейт

 Жумаев: Таласта 1000 батир курулууда, жер тилкеси берилбейт

Таласта 1000 батир курулууда, жер тилкеси берилбейт. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда маалымдады.

Анын айтымында, эл жылдан-жылга көбөйгөнү менен жер тилкеси жетишсиз болгондуктан, ар бир төрөлгөн балага жер бериле бербейт.

“Мамлекет Талас шаарында эки жерде 1000 батирди камтыган көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатат. Мында 5 кабаттуу 15 үй, 9 кабаттуу 9 үй курулуп жатат. Ошолордун баары курулуп бүтсө, андан кийин Кызыл-Адырга, Семетейге, Бакай-Атага, Көк-Ойго да куруп баштайбыз”,- деди Жумаев.

Связанный пост