Жыргалаңда асма аркан жолдун курулушу аяктады
Бүгүнкү күндө Жыргалаңда В1 жана В2 асма аркан жолдорунун курулушу аяктады. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов көчмө жыйында билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышуу болду. Анда асма аркан жолдорунун иши тесттик режимде көрсөтүлдү.
Ошондой эле унаа жолдорду куруу, Боз-Учук – Жыргалаң жолуна асфальт төшөө, электр энергиясы менен камсыздоо, инженердик жана тейлөөчү инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду ишке ашыруу темпин тездетүү жана белгиленген мөөнөттөрдү көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди.