Темирлан Айтиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

 Темирлан Айтиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, буга чейин эл өкүлүнүн мандатын тапшыруу боюнча жеке арызы БШКга келип түшкөн.

Анын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылды.

Белгилей кетсек, Айтиев № 20 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Связанный пост