Минкаб утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартибин бекитти
Министрлер кабинети Утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жана шарттары жөнүндө жобону токтом менен бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, калдыктарды натыйжалуу башкарууга багытталган иш-чараларды уюштуруу, айлана-чөйрөнү коргоо системасын туруктуу өнүктүрүү, ыкчам жана кечиктирилгис чечүүнү талап кылган калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында кабыл алынды.
Токтом менен шилтеме аркылуу толук таанышууга болот