Өлкөдө 600 миң гектардан ашык жер айдалды
Кыргызстанда жазгы-талаа иштери жогорку ыргакта жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Учурда республика боюнча 609,1 миң гектар жер айдалып, жазгы себүү планы 48,7 пайызга аткарылды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 73,9 миң гектарга көп.
2026-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы болжолдуу аянты 1 млн 250 миң гектарды түзөт.
Аймактар боюнча көрсөткүчтөр:
- Баткен облусу: иштер дээрлик аяктап, план 96,4% жетти.
- Чүй облусу: эң көп аянт иштетилип, 204,7 миң гектар (45,3%) айдалды.
- Ош облусу: 99,9 миң гектар (55,3%).
- Ысык-Көл облусу: 97,6 миң гектар (53,6%).
- Жалал-Абад облусу: пахта себүү иши 100% аткарылды.
408,6 миң гектарга дан өсүмдүктөрүнүн үрөн себилип, план 78,7 пайыз аткарылды (анын ичинде буудай – 90,7%, арпа -87,4%). Жүгөрү пландалган аянттын 82,7 пайызына себилди. Ал эми кант кызылчасы 10,9 миң гектарга (74,9%) айдалса, картошка жана жашылча себүү иштери 73 пайыздан ашты.
Министрлик билдиргендей, быйылкы сезондо талаа иштери агротехникалык мөөнөттөргө ылайык уюшкандыкта жүрүүдө. Дыйкандар үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар жана сугат суу менен өз убагында камсыз кылынууда. Ошондой эле түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн заманбап агротехнологияларды колдонууга өзгөчө басым жасалууда.