Кытайлык компания Кыргызстанда ири инфраструктуралык объекттерди курууга кызыкдар
Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын дүйнөгө белгилүү China Construction Third Engineering Bureau компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.
Агенттиктин маалыматына караганда, жолугушуунун негизги максаты эки өлкө ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүү жана Кыргызстандын аймагында стратегиялык мааниге ээ болгон инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду.
Равшанбек Сабиров Кыргызстан Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө маани берерин баса белгилеп, төмөнкү тармактарга инвесторлорду тартууга кызыкдар экенин билдирди.
- жаңы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу;
- кайра жаралуучу энергия булактары жана ГЭСтер;
- заманбап логистикалык борборлорду түзүү.
“Биз эл аралык тажрыйбасы бар ири компаниялар менен биргеликте өлкө экономикасына салым кошо турган масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз”, – деди агенттиктин башчысы.
Өз кезегинде кытайлык компаниянын өкүлдөрү Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө ниеттенип жатышканын билдиришти. Алар өзгөчө транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана ири инфраструктуралык объекттерди куруу долбоорлоруна катышууга даяр экенин ырасташты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз диалогду улантууну жана кызматташуунун конкреттүү кадамдарын биргелешип иштеп чыгууну макулдашты.