Нарында жер силкинди
10-майда Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Жетим тоо кыркасында, Узун-Булак айылынан түштүк-чыгышты карай 10 чакырым, Арчалы айылынан түштүк-батышты карай 14 чакырым жана Нарын шаарынан түндүк-чыгышты карай 65 чакырым аралыкта жайгашкан.
Калктуу конуштарда жер титирөө сезилген эмес.