Оштон Сауд Аравияга 180 зыяратчы жөнөп кетти

 Оштон Сауд Аравияга 180 зыяратчы жөнөп кетти

10-майда Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу “Ош” эл аралык аэропортунан Медина шаарына аттанды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, болочок ажыларды ыйык сапарга узатууга муфтий Абдулазиз Закиров, Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази Хаким жана башкалар катышты.

Муфтий сапарга чыккандарды убакытты үнөмдүү пайдаланууну, зыяратты шарият көрсөткөндөй орундатууну, ажылык – бул машакат экенин, андыктан ар кандай жагдайларда сабырдуу болууну насаат кылуу менен бирге, ажы башчыларга баш ийүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ал эми Сауд Аравиянын элчиси Ияд бин Гази Хаким зыяратчылардын ажылыгын кабыл болуусун тилеп, ажылардан жалпы үммөт үчүн дуба кылууну өтүндү.

Айта кетсек, алгачкы рейсте 180 зыяратчы бар.

Связанный пост