Түндүк – Түштүк унаа жолунда 3 жол тейлөө пункту ачылат

 Түндүк – Түштүк унаа жолунда 3 жол тейлөө пункту ачылат

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда үч жол тейлөө пунктун куруу иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тейлөө пункттары жолдун 107-, 261- жана 358-чакырымдарында курулат.

Долбоордун негизги максаты жол тейлөө иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, жолчулардын жашоо шартын жакшыртуу, ошондой эле кооптуу аймактардагы жол тейлөө иштеринин сапатын арттыруу болуп саналат.

Жол тейлөө пункттары сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар, кыш мезгилинде көчкү түшүү тобокелдиги жогору аймактарда курулууда. Аталган пункттар авариялык кырдаалдар жаралганда же көчкү түшкөн учурларда кооптуу тилкелерге ыкчам жетип, өз убагында чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

“Курулуш иштери Кызарт жана Сузак аймактарында башталды. Ал эми Сары-Камыш 261-чакырымдагы курулуш иштери тиешелүү документтер толук бүткөндөн кийин башталат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост