Аксыда сел унааны агызып кетти

 Аксыда сел унааны агызып кетти

Аксы районунда катуу жааган жаандан кийин сел жүрүп, ичинде адамдары бар жеңил унааны агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Беш-Короодогу сел өтүүчү каналдын боюндагы жолдо болгон. Анда Мор-Булак айылынын тургуну Нурбек Жолдошбаев жубайы жана үч баласы менен “Жигули” менен бара жатканда күтүүсүздөн сел келип, унаа өчүп калган.

“Айдоочу жана анын үй-бүлөсү өз убагында унаадан сыртка чыгууга үлгүрүшкөн. Адамдар коопсуз жерге чыккандан кийин, суу унааны болжол менен 1 чакырымга чейин агызып кеткен”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда жабыркагандардын абалы туруктуу, алар аман-эсен үйлөрүнө жеткирилди.

Связанный пост