Төрага Марлен Маматалиев баштаган депутаттар тобу Улуу Жеңиш майрамына карата уюштурулган салтанатка катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган жетекчилер Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскеришти.

Салтанат “Эскерүү минутасы” менен уланып, андан соң өлкө башчысы жалпы кыргызстандыктарды жана ардагерлерди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Майрамдык иш-чара Бишкек шаардык аскердик горнизонунун жоокерлеринин салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.

Андан тышкары, Жеңиш майрамынын алкагында Марлен Маматалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен да кабар алды.

Тагыраагы Төрага кылым жашаган ардагерлер Аспек Джумашевдин, Михаил Сухининдин жана Николай Мироненконун үйлөрүнө барып, майрамы менен куттуктады.

Алсак, Аспек Жумашев 18 жаш курагында Кызыл Армиянын катарына чакырылып, кан майданда күжүрмөндүк менен душмандарга каршы күрөшкөн. Көрсөткөн эрдиги үчүн Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени баштаган жогорку даражадагы сыйлыктарга татыган.

Ал эми Михаил Сухинин менен Николай Мироненко да 1944-жылы армияга чакырылып, запастагы полкто кызмат өтөө менен көрсөткөн эрдиктери үчүн бир катар сыйлыктарды алышкан.

Төрага ардагерди Жеңиштин 81жылдыгы менен куттуктап: “Сиздер кан күйгөн каардуу согушта каармандык көрсөтүп, көп улуттуу Совет мамлекетинин бүтүндүгү жана тынчтыгы үчүн күрөшкөнсүздөр. Мекен үчүн, мамлекет үчүн жасаган майдан талаасындагы эрдиктериңиздер менен ар дайым сыймыктанабыз. Азыркы тынч жашообуздун себепкери болгон бардык ардагерлердин эрдигин эч качан унутпайбыз”, – деди.

Ардагерлер болсо өздөрүнүн башынан өткөргөн оор окуялар тууралуу эскерип, кан майдандагы жана ооруктагы кырдаал тууралуу учкай кеп кылышты.

Ошону менен катар Жеңиштин баасы жана баркы ченемсиз экенин белгилешкен ардагерлер дүйнөдө тынчтык жана бакубатчылык болсун деген тилектерин билдиришти.

Төрага Марлен Маматалиев кылым жашаган аксакалдарга дөөлөттүү карылык, бекем ден соолук тилөө менен ала барган белектерин тапшырып, баталарын алды.

Связанный пост