Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автобекеттин курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы заманбап автобекет комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына 9 блоктон турган комплекстин долбоору көрсөтүлдү. Ага төмөнкүлөр кирет:

  • айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана,
  • кеңири күтүү залы,
  • перрон,
  • административдик имарат,
  • коммерциялык жайлар,
  • шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн унаа токтотуучу жайлар,
  • жеңил жана башка унаалар үчүн өзүнчө токтотуучу жайлар.

Президент Садыр Жапаров объектти кыдырып чыгып, курулуштун жана колдонулуучу материалдардын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын август айына чейин аяктоо күтүлүүдө.

Связанный пост