Александр Лукашенко Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

 Александр Лукашенко Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады.

“Бул ыйык дата совет элдеринин тагдырына түбөлүккө жазылып калган. Биздин аталарыбыз жана чоң аталарыбыз келечек муундардын көз карандысыздыкка болгон укугун коргоп, жалпы келечек үчүн ийиндеш туруп күрөшүшкөн.

Ондогон жылдар өтсө да, Ата Мекендин баатырларынын эрдигинин улуулугу өчпөйт. Эбегейсиз күч-аракет жана өз өмүрүнүн баасы менен бизге эркиндик тартуулаган адамдар тууралуу эскерүү — өткөндүн кайгылуу окуяларынын кайталанышынан сактаган адеп-ахлактык багыт болуп саналат.

Согуш мезгилинин оор сыноолорунан өткөн Беларусь менен Кыргызстандын элдеринин достугу бүгүн да ынак коңшулаштык мамилелерди чыңдоонун жана ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн бекем негизи бойдон калууда деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.

Связанный пост