Жогорку Кеңештин төрагасы Ысык-Көлдөгү экологиялык акцияга катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түп жана Ысык-Көл райондоруна барып, көл түбүн жана жээгин тазалоо акцияларына катышты.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Жогорку Кеңештин жана Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары, ошондой эле жаштар менен бирге Ысык-Көлдүн жээгин тазалашты.

Андан соң суу астына түшүп, көлдүн флорасы жана фаунасы үчүн коркунуч жараткан түбүндөгү таштандыларды алып чыгышты.

Төрага Ысык-Көл уникалдуу табигый мурас экенин белгиледи.

”Тилекке каршы, акыркы мезгилде көлдүн жээгинде эле эмес, астында да таштандылар, айрыкча мыйзамсыз салынган синтетикалык балык уулоочу торлор көбөйүп, олуттуу зыян келтирүүдө. Бул сыртынан көрүнбөгөнү менен көлдөгү биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына, балыктардын кырылышына жана экологиялык тең салмактуулуктун бузулушуна алып келери бышык. Буга бүгүн да өзүбүз күбө болуп, көптөгөн таштандыларды, синтетикалык торлорду чыгардык”, – деди.

Ошону менен катар өлкө башчысы атайын жарлык чыгарып, үч жылдан бери аталган маселеге өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

Андан тышкары, бүгүнкү акциянын максаты Ысык-Көлдү тазалоо менен экологиялык көйгөйлөрдү алдын алууну көздөй тургандыгын айтып, жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды.

”Ысык-Көлдү таза сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү жалпыбыздын милдетибиз. Өз жерин, өз элин сүйгөн адам мындай кыянатчылыкка барбашы керек”, – деди.

Эскерте кетсек, төрага Марлен Маматалиев баштаган депутаттар тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын суу объекттерин коргоону күчөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн коомдук талкууга коюлду.

Связанный пост