Үч-Коргон ГЭСи жаңыланууда: Кубаттуулук дагы 18 МВтка жогорулайт

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жумуштун жалпы аткарылыш деңгээли 26,8 пайызды түздү. Иштер бекитилген графикке ылайык, Кытайдын CNEEC башкы подряддык компаниясы адистери тарабынан аткарылууда.

Модернизациянын натыйжасында ГЭСтин кубаттуулугу ырааттуу өсүүдө. 2025-жылы №3 жана №4 агрегаттар жаңылангандан кийин станциянын кубаттуулугу 180 МВттан 198 МВтка жогорулаган. Ал эми учурдагы №1 жана №2 агрегаттарды жаңылоо иштери аяктаганда, ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 216 МВтка жетет.

“Бул долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана инфраструктураны жаңылоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост