Бишкекте жол кире төлөбөгөн 400гө жакын жүргүнчүгө айып салынды

 Бишкекте жол кире төлөбөгөн 400гө жакын жүргүнчүгө айып салынды

Бишкекте автобустагы төлөм талонун текшерүү иштери жүргүзүлүп, жол акысын төлөбөгөндөргө айып салынууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддик иш-чара Транспорт департаментинин тескөөчүлөрү тарабынан “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы жана “Тулпар” ишканасы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

“Январь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин автобуста жол акысын төлөбөгөн 400 жакын жүргүнчүгө 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынып, протокол түзүлгөн”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган рейд күн сайын жумуш күндөрү эртең менен саат 09:00дөн тартып кечки 18:00гө чейин уланат.

Связанный пост