Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды 

Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУнун учурдагы төрагасы катары коргоо тармагындагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргоо ведомстволорунун ортосундагы координацияны бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында жетишилген макулдашуулар ШКУ мейкиндигинде коргоо кызматташтыгын жана жалпы коопсуздукту мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Связанный пост