Май майрамдарында бейтапкана жана ооруканаларда дарыгерлер нөөмөттө турат
1-майдан 10-майга чейин бейтапкана жана ооруканаларда дарыгерлер нөөмөттө турушат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эс алуу күндөрү саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иш алып барат. Жооптуу кызматкерлердин нөөмөтү уюштурулат.
Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүлөт, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл дары-дармек, медициналык буюм, кан компоненти жана алардын запастарынын жетиштүүлүгү камсыз кылынат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда 1-майдан 10-майга чейин саат 08:00дөн 18:00гө чейин нөөмөт уюштурулат, процедуралык кабинеттер саат 14:00гө чейин иштейт.