Жалпы 183 миң 978 агартуу кызматкеринин айлыгы жогорулады

 Жалпы 183 миң 978 агартуу кызматкеринин айлыгы жогорулады

Мугалимдердин устаты болгон методисттердин айлыгы президенттин тапшырмасынын негизинде 3,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин бюджеттик саясат, каржылоонун анализи жана инфраструктура башкармалыгынын жетекчиси Акыйкат Баймуратова билдирди.

Жетекчи анда айлык акылары жогорулатылган кызматкерлерге токтоло кетти.

“Ошондой эле бала бакчалардын директорлорунун айлык акысы 2,5 эсеге өстү. Себеби, 2024-жылы мектеп директорлорунун маянасы 50%га жогорулаганда, алардыкы көтөрүлгөн эмес. Андан сырткары, ал жакта жардамчы тарбиячалар бар. Алар болгону 11 миң сом алып келишкен. Бул кызматкерлер тартыш болуп жаткандыктан, эмгек акысы 2,5 эсе жогорулатылды”,-деди ал.

Көбөйтүлгөн эмгек акыны ала турган кызматкерлердин саны төмөндөгүдөй:

  • Мектепке чейинки билим берүү – 30 960;
  • Мектептик билим берүү – 128 437;
  • Башталгыч кесиптик билим берүү – 8 563;
  • Мектептен тышкаркы билим берүү – 2 143;
  • Орто кесиптик билим берүү – 8 120;
  • Окуу-методикалык кабинеттер – 407;

Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу институттары жана борборлору, Кыргыз билим берүү академиясынан – 401 адам камтылды. Бардыгы биригип 183 миң 978 адамды түздү.

Белгилей кетсек, 1-апрелден тарта мугалимдердин айлык акысы жогорулады. Эртеңден тарта алар бирдей шартта эки эсе жогорулатылган айлык акыларды башташат.

Связанный пост