Мугалимдерге 15 миң сом өлчөмүндөгү президенттик компенсация төлөнөт

 Мугалимдерге 15 миң сом өлчөмүндөгү президенттик компенсация төлөнөт

Билим берүү системасындагы кызматкерлерге 15 миң сом өлчөмүндөгү президенттик компесация киргизилди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин бюджеттик саясат, каржылоонун анализи жана инфраструктура башкармалыгынын жетекчиси Акыйкат Баймуратова билдирди.

Жетекчинин айтымында, ал эми техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт.

“Президенттик компенсация өргүүлөрдү, жөлөк пулдарды, ошондой эле бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт жана бир ставка үчүн төлөнөт. Мисалы, мугалим бир ставкадан (0,5) аз иштесе – 7500 сом, ал бир ставка, бир жарым ставка менен иштесе эң максималдуу төлөм 15 миң сом болот. Муну 1,5 ставка үчүн 22 миң 500 сом алам деп түшүнүп албоо керек. Ошондой эле, коомчулукта компенсация бир жылга эле төлөнөт деген пикирлер жаңылыш. Себеби, ал мындан ары дайыма төлөнөт”,-деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, 1-апрелден тарта мугалимдердин айлык акысы жогорулады. Эртеңден тарта алар бирдей шартта эки эсе жогорулатылган айлык акыларды башташат.

Связанный пост