Май майрамдарында кыргызстандыктар он күн катары менен эс алат
Кыргызстандыктар май айынын башында он күн катары менен эс алат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашкандай, Эмгек кодексине ылайык, май айында жумуш эмес майрам күндөрү белгиленген.
Анда 1-4, 6-8-май — май каникулдары деп эсептелсе, 5-май —Конституция күнү, ал эми 9-май — Жеңиш күнү болгондуктан, бул даталар да иш күн эмес.
10-май дем алыш күнгө туура келгендиктен, бул күнү да кыргызстандыктар эс алат.