Майрам күндөрү Калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштейт
Алдыдагы майрам күндөрү Калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштейт. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, борборлор 1-майдан 10-майга чейин майрам жана эс алуу кундөрүн кошкондо саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.
Мындай чечим калкка мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү көрсөтүүнү камсыз кылууга багытталган.
“Жарандардан белгиленген иш тартибин эске алып, мүмкүнчүлүккө жараша онлайн кызматтарды пайдаланууну өтүнөбүз”, – деп айтылат маалыматта.
