Сузакта окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен бошотулду

 Сузакта окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен бошотулду

Сузакта окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен алынды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, аталган окуя 25-мартта А.П. Гайдар атындагы №22 жалпы билим берүүчү орто мектебинде катталган. Бирок, сабак учурунда мугалимдин окуучуну сабаган видео эми гана интернетке чыккан.

Окуядан кийин окуучунун ата-энеси мектепке чакырылып, алар мугалимге карата эч кандай доосу жок экендигин айтышкан.

Аталган мектептин башталгыч классынын мугалими Э.Г. 16-апрелден тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

“Учурда бул окуя боюнча райондук ички иштер органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда мектепте окуучулар менен социалдык педагог тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост