Мамлекеттик сыйлыктар кыскарды. Президент мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты жарандардын мамлекет жана коом алдында сиңирген эмгектерин моралдык жактан таанууну чагылдырган жогорку ардак наамдар системасын түзүү болуп саналат.
Мыйзам менен төмөнкүлөр сунушталууда:
1) мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын түрлөрүнөн 46 түрдүн 22син белгилөө аркылуу алардын системасын бир эле мезгилде өркүндөтүү менен бекитүү, атап айтканда:
– төмөнкүлөрдү уюштуруу менен:
“Эрдик” ордени (даражалары жок) – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;
“Ардак” медалы – экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;
“Кыргыз Республикасынын жаратманы” ардак наамын;
“Кыргыз Республикасынын сыймыгы” ардак наамын;
– төмөнкү ардак наамдарын сактоо менен:
“Кыргыз Республикасынын эл мугалими”;
“Кыргыз Республикасынын эл врачы”;
“Кыргыз Республикасынын эл артисти”;
“Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу”;
“Кыргыз Республикасынын эл акыны”;
“Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү”;
– төмөнкүлөрдү алуу менен:
“Ата Мекен Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы – өзгөчө категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;
“Данакер” ордени – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;
3 даражадагы “Эрдик” ордени – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;
“Даңк” медалы – экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы – үчүнчү категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;
“Эмгек сиңирген” экинчи категориядагы ардак наамдарын;
2) мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын укуктук статусун аныктоо;
3) мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга сунуштоонун тартибин аныктоо;
4) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоонун, ардак наамдарды ыйгаруунун жана мамлекеттик сый акыларды берүүнүн тартибин аныктоо;
5) мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга татыктуу болгон адамдардын укуктарын жана милдеттерин бекитүү;
6) мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга татыктуу болгон адамдарга социалдык кепилдиктерди Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан белгилөө.