Чыңгыз Айдарбековдун депутаттыкка талапкерлиги жокко чыгарылды

 Чыңгыз Айдарбековдун депутаттыкка талапкерлиги жокко чыгарылды

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбековдун каттоосун жокко чыгарды.

БШКдан билдиришкендей, мындай чечим Айдарбековдун талапкерликтен баш тартуу тууралуу арызынын негизинде кабыл алынды.

Талапкер аталган арыз менен БШКга бүгүн кайрылган.

Связанный пост