Президент “ ЖК Регламенти жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган редакциясына кол койду
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамынын макулдашылган редакциясына кол койду.
Жогорку Кеңештин Регламенти Жогорку Кеңеш тарабынан Конституцияда жана өлкөнүн мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун тартибин жана процедурасын аныктайт.
Буга чейин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамы КР Президентинин каршы пикири менен кайтарылган.
Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 463-VII токтому менен КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынып жана 2022-жылдын 19-августунда Президенттин каршы пикири менен артка кайтарылган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча курамында 9 мүчөсү менен макулдашуу тобу түзүлгөн (Жогорку Кеңештин депутаттары, юстиция министри, Президенттин Администрациясы жана КР Жогорку Сотунун өкүлдөрү).
2022-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынды.