Быйыл 13 чакан ГЭС пайдаланууга берилет
Быйыл жалпы кубаттуулугу 81,03 МВт болгон 13 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, өндүрүлгөн электр энергиясы жылына болжол менен 348,3 млн кВт/саатты түзөт.
Алар төмөнкү чакан ГЭСтер:
Чүй облусу:
- Кең-Төр-1 — 0,63 МВт;
- Сокулук-3 — 9,5 МВт;
- Туюк — 5,9 МВт;
- Кичи-Кемин — 7,1 МВт.
Ысык-Көл облусу:
- Орто-Токой — 21 МВт;
- Түп — 9 МВт.
Жалал-Абад облусу:
- Сары-Таш — 4,6 МВт;
- Кайнама-2 — 4,8 МВт (ишке кирди).
Талас облусу:
- Урмарал — 1,6 МВт.
Ош облусу:
- Көңдүк — 5,3 МВт;
- Алай Гидро — 4,4 МВт.
Баткен облусу:
- Лейлек — 6 МВт.
Нарын облусу:
- Куртка — 1,2 МВт.
Мындан сырткары, 2026–2030-жылдарга чейин жалпы кубаттуулугу 421,26 МВт болгон 48 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда. Эске салсак, 2021–2025-жылдар аралыгында жалпы кубаттуулугу 109,8 МВтты түзгөн 27 чакан ГЭС ишке берилди. Анда өндүрүлгөн электр энергиясы жылына болжол менен 427 млн кВт/саатты түзөт.